Биз менен байланышыңыз

Атыр Абдрахматованын кызмат орду талашка түштү

Саясат | 26 Апр 2023 | 1910 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун 19-апрелдеги жыйынында билдирген. Андан бери акыйкатчынын кызмат орду жана аткарган иштери коомчулукта кызуу талкууда. Бүгүн Human Rights Watch уюму акыйкатчыны кызматтан кетирбөөгө чакырган атайын билдирүү таратты. Атыр Абдрахматованы кызматтан алууга негиз барбы, мунун артында кандай саясат турат? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушу көтөрүлүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин бул маселе карала элек.

26-апрелде Human Rights Watch уюму акыйкатчыны кызматтан кетирбөөгө чакырган атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө акыйкатчыны кызматтан алуу аракети анын 2022-жылдын 23-октябрында чек ара маселеси боюнча өкмөт менен макул болбогон 25 жарандык активист, блоггер жана саясатчылардын камакка алынышын катуу сындаганына жооп болушу мүмкүн экени айтылат.

Парламенттин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлап баратканын ачык айткан.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууга 14 депутат макул болуп, 41 депутат каршы чыккан.

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов акыйкатчы колунда болгон бардык ресурсту колдонуп жакшы иштеп жатат деген баасын берет.

«Акыйкатчы эми болушунча колунан келген аракеттерди кылып жатат. Укугу бузулгандардын таламын талашып жатат, жалпылап айтканда, жакшы эле иштеп жатат. Бул — менин жекече баам».

Кыргыз Республикасында Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2002-жылы ноябрь айында адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоо максатында түзүлгөн. Бул мекеме — мамлекеттик органдардын иш алып баруусун көзөмөлдөгөн, андагы маселелерди Жогорку Кеңешке жеткирип турган Парламентке караштуу көз карандысыз институт. Ал президентке да, өкмөткө да баш ийбейт. Парламент кандай чечим чыгарса, анын негизинде иш алып барат.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков акыйкатчынын айланасында айтылып жаткан сындар кызматтан кетирүүгө негизсиз экенин, түпкү себеби башкада болушу мүмкүндүгүн мындайча түшүндүрдү:

«Анын кызматтан алынып жатканынын негизги себебин президенттин пресс-катчысы так-даана айтты. «Атыр Абдрахматова оппозицонерлердин, саясатчылардын укуктарын коргоп, карапайым элге көңүл бөлбөй калды» деген таризде билдирди. Негизги маселе ошол деп ойлойм. Менин жеке оюмда Атыр Абдрахматованы Омбудсмен институтуна жаңы дем берген, жаңыча иштеген адам катары кабыл алсак болот. Ал жакка кимдер гана келген эмес. Аталган институттун табиятына карама-каршы жетекчилер да келген. Алар менен деле азыркы кызматкерлер иштешип келген. Анан азыр эле чыгып, «Абдрахматова катка кол койбой койду, кызматтан алды» деп айтылган сындар жөн гана шылтоо. Негизи, бул — саясий маселе. Менимче, бул орун эбак эле чечилген. Азыр маалыматтык компания жүрүп жатат». 

Кыргызстандын биринчи акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу мыйзам боюнча эгерде акыйкатчынын жылдык баяндамасына депутаттар канааттанбаса, анда кызматтан кетиши керек деген ойдо.

«Акыйкатчы бир жыл иштейби, бир ай иштейби, айырмасы жок. Башынан эле акыйкатчы ээрге туура эмес отурган. Анткени эч качан бейөкмөт уюмдардан келген кадр акыйкатчы боло албайт. Мени муну дайыма айтып жүргөм. Ал иштей албайт, бул мамлекеттик кызмат, конституциялык мекеме». 

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун комитетке жиберген. Эми мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жыйын өткөрүп, андан соң көпчүлүктүн макулдугу менен парламенттин жалпы жыйынына чечимин алып чыгат. Эгерде көпчүлүк депутаттар анын баяндамасын «канааттандырарлык» деп таппаса, анда акыйкатчы эки орун басары менен чогуу кызматынан кетет.

Copyright © 2017 Maral FM