Биз менен байланышыңыз

Рустам Эмомали Борбор Азия футбол ассоциациясынын президенти болуп кайра шайланды

Кыска кабар , Спорт | 2 мая 2023 | 330 | 0

Бүгүн, 2-май күнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын 8-конгресси өтүүдө. Ага Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медербек Сыдыков да катышууда. Кыргызстан аталган ассоциациянын мүчөсү.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын расмий сайты билдиргендей, 2023-2027-жылдарга биримдиктин жетекчисин шайлоо маселеси каралып, шайланды.

Кыргыз футбол бирикмесинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Аткаруу комитетине шайланып, АФКда Борбор Азия футбол ассоциациясынын өкүлү болот.

CAFA президенти болуп Тажикстандын президентинин уулу, Дүйшөмбү шаарыны мэри Рустам Эмомали шайланды.

вице-президенттери:

Мохаммад Юсуф Коргар (Ооганстан),

Арслан Айназаров (Түркмөнстан).

АФКнын Аткаруу комитетинин мүчөсү, CAFA’нын атынан:

Дастанбек Конокбаев (Кыргызстан).

CAFA аткаруу комитетинин мүчөсү:

Хедаят Момбени (Иран).

Конгресске Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM