Биз менен байланышыңыз

Украина Орусиянын 10 дронун атып түшүргөнүн жарыялашты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 438 | 0

Орус-украин согушу учурда Бахмут шаарында жана жалпы эле Донецк облусунда жүрүп жатат. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Маалым болгондой, орус армиясы учурда Украинанын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарына сокку урууда. А бирок украин жоокерлери чабуулдун мизин кайтарып, орус тарап учурган 11 «Шахед» учкучсуз учагынын онун атып түшүргөн.

Башкы штабдын айтымында, Орусиянын жоготуусу Украинадан бир канча эсе көп. Ошондой эле алар орус армиясы шейшембинин түнүндө Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарына да сокку урганын, Орусия күчтөрүнүн негизги бөлүгү Бахмутта топтолуп жатканын, алардын шаарды басып алуу аракети күч экенин маалымдашты.

Украина бийлиги көбүрөөк курал-жарак керек экенин айтып, Батыш өлкөлөрүнө жардам сурап кайрылды. Учурда Франция чабуулчу жана коргонуучу бронетехникаларын, АКШ Patriot ракетадан коргонуу системаларын, Германия IRIS-T ракетадан коргонуу куралын жөнөткөнү белгилүү болду.

АКШ украиндердин аба чабуулунан коргонуучу ок-дарылары тез эле түгөнүп калып жатканын жарыялашты. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен буга байланыштуу жакында 325 млн долларлык коопсуздук топтомун жөнөтүүгө убада берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM