Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу жети жылга эркинен ажыратылды

Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 901 | 0
Сүрөт Bulak.kg сайтынан алынды

Бишкек шаарында 50 жаштагы Миргүл Айткулованы өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу жети жылга абакка кесилди. Бул тууралуу маркумдун уулу Азизкан Алымбаев социалдык баракчасында билдирди.

Анын айтымында, соттук иш 31-мартта Биринчи май райондук сотунда каралып, сот айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Эске салсак, окуя 30-январь күнү Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя тартылган видеодон көрүнгөндөй, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Фрунзе көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, кызыл жол чыракка токтобой кеткен. Ошол маалда Тыныстанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаа «Хонда Фит» менен кагылышып, «Хонда Фит» жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин аял ооруканада көз жумган.

Буга чейин иш Свердлов райондук сотунда каралып, сот айдоочуну үй камагына чыгарган. Бул тууралуу маркум Миргүл Айткулованын балдары айтып чыгып, соттун чечими коомчулук арасында чоң резонанс жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM