Бишкек мэриясы жакынкы 15-20 жылга карата борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул маселе күн мурун мэрияда өткөн жыйында талкууланып, анын жыйынтыгында мэр Эмилбек Абдыкадыров долбоордун техникалык тапшырмаларын даярдоо боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
Ошондой эле жыйында Бишкек шаарын жашылдандыруу, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле көрктөндүрүү маселелери талкууланды.