Connect with us

Кадыр түн качан болору айтылды

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 340 | 0

Кадыр түн быйыл 17-апрелден 18-апрелге караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чечимди Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан биргелешип кабыл алышкан.

«Орозо айы 23-мартта башталып, 21-апрелде аяктайт. Ал 30 күнгө созулат. 22-апрель — Орозо айт. 17-апрелден 18-апрелге караган түн — Кадыр түн», — деп айтылат маалыматта.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.

Copyright © 2017 Maral FM