Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти.
Муфтият садака-битир берген учурда 1 кг 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 кг 200 грамм арпанын, курманын баасына көңүл бурууну эскертет.
Быйылкы Орозо айында бериле турган битир-садака 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын учурдагы базар баасы 50 сомдон эсептелди.
Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Мейиздин учурдагы баасы 636 сомду, ундун баасы 74 сомду, арпанын баасы 90 сомду, курманын баасы 986 сомду түздү.