Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлдү

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 124 | 0

Бүгүн, 14-мартта Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» башкармалыгы кабарлады.

Суу саат 9:00дөн 17:00гө чейин Анкара көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин, Аламүдүн суусунун боюнда, Октябрь көчөсүнөн Менделеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өчүрүлөт.

Ал эми Оберон көчөсүндө (Кара-Жыгач темир жол станциясынын батыш бөлүгү) суунун басымы азаят.

Суу берүү ХБО суу кампасында жана шаардык түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM