Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.
Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөкпулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.
Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, президент аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.
IMG_3986 (1)