Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көчкү бүгүн, 11-мартта саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 360 куб метрди түзөт.
Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду тазалоодо.