Бишкек шаарында архитектура-курулуш форуму өтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
13-мартта өтөрү белгилгенген иш-чарага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын, долбоорлоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышат.
Форумда курулуштун сапатын, сейсмикалык бышыктыгын көзөмөлдөө, имарат куруудагы ченемдердин, эрежелердин сакталышы, ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланат.
Айта кетсек, бул тармакта алгачкы жолу өтүп жаткан бул форум Кыргызстандагы курулуш тармагын өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү, курулуштун келечегин талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп саналат.