Марал Радиосу

Бишкекте курулушчулардын алгачкы форуму өтөт

Бишкек шаарында архитектура-курулуш форуму өтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

13-мартта өтөрү белгилгенген иш-чарага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын, долбоорлоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышат.

Форумда курулуштун сапатын, сейсмикалык бышыктыгын көзөмөлдөө, имарат куруудагы ченемдердин, эрежелердин сакталышы, ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланат.

Айта кетсек, бул тармакта алгачкы жолу өтүп жаткан бул форум Кыргызстандагы курулуш тармагын өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү, курулуштун келечегин талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп саналат.

Exit mobile version