Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.
Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы «кошумча импульс» деп атаганын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы 28-февралда Казакстанга расмий сапар менен барган. Анын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мындан тышкары Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин жана АКШнын тышкы иштер мекемелеринин башчыларынын «Борбор Азия – АКШ» форматындагы жолугушуусуна катышты. Казакстандан Өзбекстанга барып, андан ары «Чоң жыйырмалыктын» жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.
«С5+1» форматындагы жолугушуу 2015-жылы экономика, экология жана коопсуздук боюнча маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн.