АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астана шаарына жасаган расмий сапарында Орусияга көз карандылыкты азайтуу үчүн Борбор Азияга көмөк көрсөтүүгө убада берди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.
Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы «кошумча импульс» деп атаганын билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы 28-февралда Казакстанга расмий сапар менен барган. Анын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мындан тышкары Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин жана АКШнын тышкы иштер мекемелеринин башчыларынын «Борбор Азия – АКШ» форматындагы жолугушуусуна катышты. Казакстандан Өзбекстанга барып, андан ары «Чоң жыйырмалыктын» жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.
«С5+1» форматындагы жолугушуу 2015-жылы экономика, экология жана коопсуздук боюнча маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн.