22-февралда Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна пиязды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Баткен облусунун Лейлек районунун Сада тилкесинде 1976-жылы туулган Х.К. аттуу Кыргызстандын жараны башкарган Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Айдоочу 3 тонна пиязды мыйзамсыз түрдө Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу унаасы жана жүгү менен кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.