Connect with us

Япония Кыргызстанга медициналык жабдыктарды алууга 7,6 млн доллар грант берет

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 353 | 0

Япония өкмөтү Кыргызстанга медициналык жабдууларды алууга 7,6 млн доллар (999 млн япон йен) грант берип жатат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда гранттык макулдашууга кол коюлду.

«Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоорунун максаты — саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Андан бери JICA жана КРнын Япония элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор, техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM