Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн-1 кичирайону, 5/1 дарегиндеги чатырларды жана бетон блокторду демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.
«0,26 га муниципалдык жер бошотулуп, кийин бул аймакта акысыз негизде унаа токтотуучу жайларды куруу пландаштырылууда», — деп белгилешти муниципалитеттен.