Connect with us

Бишкекте баңгизат даярдоо лабораториясы табылды

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 337 | 0

УКМК Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-февралда баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышкан.

Тинтүү учурунда марихуана, «мефедрон» синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады. Андан соң ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан башка катышуучуларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM