Биз менен байланышыңыз

Ыдырыс Исаков экинчи жолу суракка чакырылганын айтты

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 591 | 0

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков экинчи жолу суракка чакырылганын айтты. Ал бүгүн, 6-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кошумча суроолор бар экенин айтып, дагы суракка чакырганын билдирди.

«Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп, милициянын менин аракетимден кылмыштын курамын издеп жаткандай. Мен ушу бийлик дегенди түшүнө албайм. Көксөгөн бийликке жеткенден кийин мурчуюп отуруп жумушту кыла берсе эмне болот? Же менин Жапаров президент болгонго чейинки сөзүм эми бирдемени чечеби? Кырдаалга эми таасир этеби? Негизи эле элдин бийликке ичи чыкпаганга, алымсынбоого, нааразы болууга да акысы жокпу? Кыскасы милицияга азыр кайра барам. Мен ушундай бекерчимин», — деди журналист.

Ош милициясынын маалыматына караганда, өткөн жумада TikTok социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында видео жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу да болгон. Бул видео жана анын темасына байланыштуу Ош милициясынын тергөө кызматына Ыыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралган.

Журналист Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген жаранды тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып, белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгын жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы жөнүндө маалыматы жоктугун билдирген.

«Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убакытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болду» , — деп айтылат милициянын маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM