Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттарга сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 271 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) медалдарын жана эстелик белгилерин тапшырды.

Маалыматка караганда, КМШ ПААнын жана мамлекеттер аралык «МИР» телерадиокомпаниясынын «Древо дружбы» алтын медалы менен депутат Чолпон Султанбекова сыйланды.

Ошондой эле шериктештиктин ишинин укутук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, «Альянс» фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана «Ыйман Нурунун» лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты.

Мындан тышкары, КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган эстелик белгиси менен депутаттар Камила Талиева жана Бахридин Шабазов сыйланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM