Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган №100 кичиавтобус мэриянын карамагына өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына №100 маршруттук кичи автобустун айдоочулары каттамды Жүргүнчүлөрдү ташуу департаментинин карамагына өткөрүү маселеси менен кайрылышкан.
Аталган башкармалыктын директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ал №100 кичиавтобусту муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин бул каттам «Акжолтой» ЖЧКсына таандык болчу.