Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+6;
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +2…+4.