Connect with us

УКМК: Нарында эки жаран экстремисттик уюмдан баш тартты

Кыска кабар | 19 Янв 2023 | 294 | 0

УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында, абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн уюмдардан чыгууга үндөө иштери жүрүүдө.

УКМК билдиргендей, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн Нарын облусунун Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышканын билдиришти.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алышкан.

Учурда УКМК экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM