Connect with us

8-январга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Янв 2023 | 329 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM