Эртең, 7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот.