Кыргызстанда 31-декабрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында кар жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +1…+3 градус болот.