Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2022-жыл оор болгонун жана чечилбеген көйгөйлөр, чыр-чатактар менен коштолгонун белгиледи. Бул тууралуу анын фейсбуктагы баракчасына жазылды.
Атамбаев репрессиянын күчөшү, өз пикирин ачык айткандарды, саясий оппоненттерди, журналисттерди куугунтуктоо, мыйзамдын алсыздыгы өтүп бараткан жылы өзгөчө байкалганын айтты.
«Мунун баары Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн имиджин түшүрүп, ички карама-каршылыктарды күчөтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын жетекчилер түшүнүүсүнө убакыт жетти. Элибиз жана бийлигибиз эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жолуна кайтып, улуттук ынтымакка жетишет деп ишенем.
Мажбурлоо жана репрессия менен эмес, бийлик менен оппозиция, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары ачык-айкын сүйлөшүп, бири-биринин пикирин урматтап, уга баштаганда гана бул жолду кайра табабыз. Ошондо гана өнүгүү болот. Ошондо гана элдин чыныгы жаратман духу жанат» , — деп айтылат Атамбаевдин билдирүүдө.