Connect with us

Конституциянын бузулушун текшерген комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 401 | 0

Жогорку Кеңеш 29-декабрдагы жыйынында конституциялык мыйзамдардын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түздү.

Мындай сунушту «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы демилгелеген.

Комиссияга Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»), Чыңгыз Ажибаев («Элдик»), Айбек Осмонов («Мекенчил»), Динара Ашимова («Ыйман Нуру»), Шайлообек Атазов («Ата журт-Кыргызстан»), Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним»), Чыңгыз Айдарбеков («Альянс») кирди.

Депутат Адахан Мадумаров парламенттин 22-декабрдагы жыйынында президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү» жарлыгын чыгарууда Конституциянын сакталышын текшерген комиссия түзүүнү сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM