Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды «Манас» күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 4 Дек 2022 | 395 | 0

Бишкекте бүгүн, 4-декабрь – Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт. Саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында «Айкөлдүн аманаты» спектаклинин премьерасы коюлат.

Ошондой эле «Манас» күнүнө карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда жыл аягына чейин өткөрүлөт.

Мындан тышкары, «Манас» күнүнө арналган тематикалык фильмдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүлөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Ал өлкө жетекчилиги эпосту кеңири жайылтуу, даңазалоо жаатында бир топ иш-аракеттерди жасап келерин айтты.

2021-жылы «Манас» эпосун жайылтуу максатында атайын Жарлык менен «Манас» театры ачылган. Ушул жылы ага «улуттук» деген макам ыйгарылды.

22-апрелинде атайын Жарлык менен «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана даңазалоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу максатында «Манас» улуттук академиясынын алдында кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын илимий изилдөө институту түзүлдү.

Ошону менен бирге, сентябрь айында дагы бир Жарлык менен «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан иликтөөгө шарттарды түзүү боюнча «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясына өзгөртүүлөр киргизилип, аталган мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгүн бир багытка буруу максатында «Манас» улуттук академиясы болуп кайрадан түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM