Connect with us

Чыңгыз Айдарбеков чет жакта дарыланып жатканын айтты

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 222 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков чет жакта дарыланып жатканын айтты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал бир нече күн байланышта болбогонунун себебин саламаттыгына байланыштуу пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж болгону менен түшүндүрдү.

«Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем. Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем» , — деди депутат.

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбеков жыйындарга катыша албай турганын буга чейин кесиптеши Жанар Акаев билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM