Connect with us

Элдик курултайдын төрагалыгына Кадыр Кошалиев шайланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 256 | 0

Биринчи элдик курултайдын төрагалыгына Кадыр Кошалиев шайланды. Курултай 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүдө. Курултайды эки күн Кошалиев жетектейт.

Курултайда Эсептөө комиссиясы түзүлүп, курамы бир добуштан бекитилди. Андан соң 20 делегаттан турган Аксакалдар Кеңешинин мүчөлөрү сунушталып, колдоо тапты.

Кадыр Кошалиев “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү, Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

Ушул жылдын 8-февралында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун жазуу үчүн 11 адистен турган жумушчу топ түзүлүп, жетекчилигине Чолпонбек Абыкеев дайындалган.

Топтун курамына академик Чолпонкул Арабаев, тарыхчы, акын Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал), композитор Түгөлбай Казаков, мурдагы юстиция министри, экс-депутат Курманбек Осмонов, журналист Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков жана башкалар кирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM