Биз менен байланышыңыз

Депутат Мажитова Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 615 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өлкөнүн социалдык тармагындагы көйгөйлөрдү чечпей жатканын айтып, сынга алды.

«Эдил Байсалов социалдык тармактагы маселелерди таптакыр эле унутуп, саясатка киришип кетет экен. Же сиз ордуңузду бул тармакта жакшы иш алып барган аялдарга бериңиз же болбосо иштеңиз. Баткенге психологдорду алып баруу, социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү сиздин ишиңиз болчу. Акыркы окуядан кийин канча күндөн кийин бардыңыз? «, — деди Мажитова.

Ошондой эле ал кийинки 2023-жылды социалдык тармактын жылы деп атоону сунуштады. Анткени өлкөдө жакырчылыктын саны өсүп, социалдык маселелерге көңүл бурулбай жатат.

Copyright © 2017 Maral FM