Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы ишкер аялдар жөнүндө сандар жана фактылар

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 514 | 0

19-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердүүлүгүнүн күнү 140тан ашуун өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип келет.

БУУ тарабынан 2014-жылдан бери колдоого алынып, ишкер айымдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аларды колдоого багытталган.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда айымдар үзүрлүү иштеген бир нече тармактар динамикалуу өнүгүп жатат.

2021-жылдын башына карата республикадагы аялдардын саны 3,3 миллион адамды түздү, бул жалпы калктын 50,4% түзөт. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4% түзөт.

Алардын басымдуу бөлүгү социалдык ишкердик, жеңил өнөр жай, beauty-индустрияда, соода, туризм, коомдук тамактануу тармактарында иштешет. Кыймылсыз мүлк менен операция жүргүзүү сыяктуу экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө аялдар 93%, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарда – 84%, билим берүүдө – 80%, мейманкана жана ресторан бизнесинде – 60% үлүштү түзөт.

Өлкөдө экономикалык активдүү калктын 70%ын аялдар түзөт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкерлер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасайт. Кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM