Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 698 | 0

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында «Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.

Анын айтымында, Кыргыз ССР Министрлер Совети жана Өзбек ССР Министрлер Совети 1965-жылдын 11-декабрында №559/656 биргелешкен токтому менен Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу айрым протоколдорду бекиткен. 1965-жылдын 12-ноябрындагы протоколдун биринчи бөлүгүнө ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу каптап калган жерлердин ордуна кенемте катары берилип жаткан жерлерди Кыргыз ССРинин курамына, ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерлерди Өзбек ССРинин курамына киргизүү менен эки өлкө ортосундагы чек араны өзгөртүүгө макулдук берилген.

Өзбек ССРи Кыргыз ССРине Анжиян облусунан 2966 гектар, Фергана облусунан 1162, жалпы 4127 гектар жерди кенемте катары өткөргөн.

Бекитилген чек ара сызыгы өзгөртүлүп, кайрадан жазылган жана ал жазууларды Кыргыз ССР Министрлер Совети бекиткен. Кыргыз ССРи өзбек тарапка суу сактагыч куруу үчүн Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан 5731 гектар жер бөлүп берген. Бул жер аянты суу сактагычты 908-горизонталына туура келет. Сууну 900-горизонталга түшүрүү менен чек араны жазганда анын аянты  4485 гектарды түзөт. Ошентип 1246 гектар жер бошойт. Аны кыргыз тарап айыл чарба багытында пайдаланса болот. Бул 1246 гектар жер Кыргызстандын жер балансында калат.

Өзбек ССРи болсо Анжиян жана Фергана облустарынан 4127 гектар жерди кенемте катары 1965-жылы  өткөргөн. Ошентип кыргыз тарапка өзбек тарап да 358 гектар жерди бербей калып кеткен.

1973-жылы эки өлкө ортосунда протокол түзүлүп, ал жерде суу сактагыч куруу үчүн ажыратылып берилген жерлер үчүн толугу менен жерлер кенемте катары берилген деп жазылган.

Бирок кыргыз тарап акыркы сүйлөшүүлөр менен ошол берилбей калган 358 гектар жердин ордуна Өзгөн жана Сузак райондорунан бөлүп берүү жөнүндө макулдашып, протокол менен бекитилип, картасы сызылып даярдалды.

Мындан сырткары Кемпир-Абаддагы сууну биргелешип башкаруу үчүн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишимди сиздерге алып келип отурабыз.

Ага ылайык, суу сактагычтын тегерегинде тосмолор, инженердик-техинкалык курулуштар болбошу керек. Ошол жердеги кыргыз жарандары үчүн суу сактагычка кирүүгө, мал сугаруу, балык уулоого эч кандай тоскоолдук болбошу керектиги да камтылган.

Ал эми суу сактагычтагы сууну Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден, жалпысынан 24 адам кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин 900-горизонталдан өткөрбөй кармап туруу милдетин алат.

«Биргелешип башкаруу боюнча макулдашуусун шарттары боюнча кыргыз тараптын суу чарбы адистери Кемпир-Абад суу сактагычынын платинасына кирип, суунун деңгээлин жана бөлүштүрүүчү лимиттерди көзөмөлдөп турат. Ошол жердеги кыргыз жарандары үчүн суу сактагычка кирүүгө, мал сугаруу, балык уулоого эч кандай тоскоолдук болбошу керектиги макулдашууга бекитилген. Жыйынтышында алынган жерлер төмөнкүлөр:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Тактоо: Бул Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлору боюнча макулдашуунун негизинде, башкача айтканда, Кемпир-Абаддын эсебинен алынган жерлер.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө ылайык, жалпы 15 50о гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Тактай кетсек, сөзүнүн башында Камчыбек Ташиев Өзбекстан Сол жээк каналын курбаганы үчүн Гавасайдан 12 849 гектар жерди компенсация катары берип жатканын айткан болчу. Бирок ал Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун негизинде алынган жерлердин катарында дагы белгилеп жатат.

Ташиев: Өзбекстан Сол жээк каналын курбаганы үчүн Гавасайдан 12 849 гектар жер бергени турат

Copyright © 2017 Maral FM