Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров жаңы фонд түздү

Кыска кабар | 16 Ноя 2022 | 258 | 0

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынганы айтылды.

Буга катар Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилди.

Жашыл энергетика фонду долбоорлоону, субсидиялоону, оңдоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражат топтоо, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM