Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Элге жалган маалымат жеткирүү вазыйпасын бийлик аткарып калды

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 790 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров массалык маалымат каражаттарынын милдети элге так маалыматты жеткирүү, түшүндүрүү экенин айтып, ал эми жалган кабарды элге жеткирүү вазыйпасын бийлик аткарып калганын билдирди.

Мындай пикирин Мадумаров 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек үстөлдө айтты.

«КТРби, ЭлТРби, кайсы каналын карасаң да кызылдай калпты айтып жатышат, ошондой маалыматтарга каршы күрөшүү керек» , — депутат.

Жыйында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору талкууланууда. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, Президентинин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушов, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев, президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, журналисттер жана юристтер катышууда.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ЖМК тууралуу мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда экенин, бардык сунуш-пикирлер кабыл алынарын айтты.

«Ушул жерде баарыбыз тегиз отуруп, талкуулап жатканыбыз — Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээлин көрсөтөт. Бирок бул жолугушуу сунуш эмес, популисттик пикирлерди айткан аянтчага айланбашы керек. Мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду, сындарга, сунуштарды кабыл алууга ачыкпыз» , — деди Орунбеков.

Иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, «Адилет» укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.

Сайттарды бөгөттөө мыйзамы. Маданият министрлиги өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM