Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 338 | 0

Эртең, 15-ноябрда Бишкек шаарынын «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Саат 9.00дөн 18.00гө чейин жогорудагы конуштарда турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки уюмдарда, саламаттык сактоо, өнөр жай объектилеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Бул убакытта «Энесай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM