Биз менен байланышыңыз

Прокуратура «Бишкекжарыктын» жетекчилигине кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 252 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында (МИ) текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын (ТМЗ) жетишпестиги аныкталган.

Маалыматта «Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын товардык-материалдык запастарынын эсебин жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүнү атайылап камсыз кылышкан эместиги айтылат.

Мындан сырткары, ишкананын кампасынан жооптуу кызматкерлерге  ар кандай түрдөгү товарлар эч кандай негизсиз, тастыктоочу документтери жок эле, алардын жоопкерчилигинде ири өлчөмдөгү калдыктары болгондугуна карабастан, алар боюнча аткарылган иштердин актыларын албай туруп, эсептен чыгарбастан жана көзөмөлсүз берилип келген. Натыйжада, жалпы суммасы 74 млн. 028 миң сомдук ТМЗнын жетишпестигине (уурдоо же жоготуу жолу менен) жол берилип, өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM