Биз менен байланышыңыз

ИИМ төкмө акын Болот Назаровдун кармалганын маалымдады

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 613 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектелип, акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москва райондук ички иштер бөлүмүнө 7-ноябрда Беловодск айылынын 1968-жылы туулган М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийин Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган М.Ю. аттуу баланын минип жүргөн атын сүрөткө түшүүгө сурап, атты минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелген 1993-жылы туулган Болот Назаров ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM