Бүгүн, 5-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы өтүүдө.
Курултайдын күн тартибинде 7 маселе каралган.
- курултайдын спикерин тандоо;
- ар бир райондон катчыларды тандоо;
- делегаттардын санын бекитүү;
- курултайдын жобосун бекитүү;
- Элдик курултайга делегаттарды тандоо;
- Элдик курултайда көтөрүлө турган орчундуу маселелерди бекитүү;
- делегаттардын резервин бекитүү.
Жалпысынан Биринчи Элдик курултайга Бишкектен 60 делегат жөнөтүү пландалууда.
Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай 25-ноябрда өткөрүлөрү күтүлүүдө.