«Унаа» мамлекеттик ишканасынын эки бөлүмү 5-6-ноябрда кадимки тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
5-6-ноябрда саат 8:30дан 17:30га чейин иштей турган бөлүмдөр:
Военно-Антоновка айылы, «Риом» унаа базарындагы сектор;
Бишкектин Барпы Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан бөлүмдөр.
7-8-ноябрда «Унаа» мекемесинин бардык бөлүмдөрү иштебейт.
5-6-ноябрь ишемби, жекшемби күнгө туура келет. Ал эми 7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген. Буга байланыштуу өлкөдө 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.