Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда Кемпир-Абад маселесин беш жылдан кийин кароону сунуштап, азыр кароого мораторий киргизүүнү сунуштады.
Аталаган комитеттин кароосуна «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзекбстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору келип түшкөн. Долбоорду Айыл чарба министрлиги сунуштоодо.
Маселени жабык кароону депутат Ырысбек Атажанов сунуштап, аталган маселени ачык кароого убакыт келе электигин белгиледи.
Отурумда Кадырбеков аталган маселенин жабык каралышына каршы чыгып, Кемпир-Абад маселеси боюнча шашылуунун кереги жоктугун айтты.
«Мен жакында эле жеринде болуп келдим. Бул маселеге көпчүлүк кыжалат болуп турат. Беш жылга мораторий киргизип, ойлонбойлубу. Анткени казино боюнча өтөр иш өттү. Бирок президентибиз ыймандуу кишинин колунан тарбия алган, кайра кайтып келет бул маселеге. Бирок бул Кемпир-Абад маселесинде аркага жол жок. Көпүрөнү өрттөп жиберебиз. Ошондуктан бул маселени карабай элек койсок деп суранат элем. Мамлекет башчыбыз дагы ойлонсо. Ниети жакшы болуп жатканын түшүнүп жатам, бирок жакшы ниет менен да адам адашып калышы мүмкүн. Ошондуктан ушунча элдин жүрөгүн оорутуп, бул маселени карабай, токтотуп турсак жакшы болот эле. Шашкан шайтандын иши».
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.
Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирип, комитеттин чечимине кол койгон эмес. Депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.
Көп өтпөй 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан мыйзамды одоно бузуу менен алынган.
10 -октябрда жабык жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келишимдин долбоору боюнча баяндама жасаган. Ал билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча кыргыз-өзбек чек арасында мурда талаш болуп келген төмөнкү жерлер Кыргызстанга өткөнү жатат:
- Гавасай 12 872 миң гектар,
- Көк-Серек 105 гектар,
- Баястан 212 гектар,
- Унгар-Тоо 35 гектар,
- Кара-Белес 25 гектар,
- Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
- Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
- Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.
Камчыбек Ташиев жогоруда аталган мурда талаш болуп келген жерлерди Кыргызстанга өткөрүп алуу менен Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер суунун астын Өзбекстанга өткөрүү пландалып жатканын билдирген.
Ал Кемпир-Абаддын эсебинен мурда талаш болуп турган жерлерди Кыргызстандын пайдасына чечүүгө мүмкүнчүлүк болуп жаткандыгын, бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калыш керектигин белгилеген.