Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткенден Бишкекке 98 жабырлануучу которулду

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 176 | 0

Баткен жана Лейлек районунан Бишкекке 98 жабырлануучу которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, алар Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Улуттук хирургия борборуна жана Бишкек шаардык медициналык тез жардам көрсөтүү ооруканаларына жаткырылды.

«Баарына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалдары орто деп бааланууда. Операция жасала тургандарга жасалды», — деди Калмаматов.

Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти, 134 адам жабыркады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM