Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 19-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус болот.