Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү чоң толкундан спортчу дайынсыз болууда

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 1600 | 0
Ысык-Көлдө сүзүп бара жаткан спортчу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай сүзүп өтүүгө 15 спортчу чыккан. Алар сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, спортчулардын бири дайынсыз болууда.

Кырсык катталган жерде издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу, Тоң райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Учурда дайынсыз болгон спортчунун аты-жөнү такталууда.

Алдыда кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM