Бүгүн, 29 июлдан 7-августка чейин маал-маалы менен Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги эскертет.
Бул күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
График:
Саат 04:00 — 06:00гө чейин,
08:00 — 10:00гө чейин,
12:00 — 14:00гө чейин жабылат.
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.