Бишкектин айрым райондорунда 25-июлдан 27-июлга чейин газ өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Көгүлтүр от газ куурун жер алдынан өткөрүү жана оңдолгон газ түтүктөрүн кайрадан жайгаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы Суванбердиев – Скрябин – Шүкүров – Белорусская көчөлөрү менен чектелген. Жалпысынан 35 абоненттин газы өчүрүлөт.