Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» дебитордук карызы бар 9 миң абонентти аралыктан өчүрөт

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 222 | 0

Бүгүн, 19-июлдан тарта «Түндүкэлектр» ишканасы дебитордук карызы бар 9 миң абонентти аралыктан өчүрөт.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Абоненттер электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот.

Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.

Төлөм тууралуу билдирме «Түндүкэлектрдин» маалымат базасына түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM