Ички иштер министрлиги «Ихсан групп ЛТД» кооперативинин мүлкү, банк эсептери камакка алынганын, башкармалыктын кызмат адамдары жана негиздөөчүлөрү тергелип жатканын билдирди.
Министрлик мындан улам жарандарды каржылык сабатын жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.
«Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсынан жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү, 469 дарегине же (0312) 26-64-05, (0709) 11-45-74 телефондоруна, 102 кызматына кайрылыңыздар. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
12-июлда «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. кармалды. Кооперативдин жетекчилиги тарабынан кардарларга төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн.