Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик валюта менен келген акча улуттук валюта менен берилбейт»

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 221 | 0

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Улуттук Банктын өкүлдөрүнөн эмне үчүн коммерциялык банктар башка өлкөдөн которулган акчаларды сом менен гана берип жатышканын сурады.

«Эгерде Орусиядан рубль менен которулса, бул жакта рубль түрүндө берилиши керек. Банктар рубль менен бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурласа, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай фактылар боюнча Улуттук Банкка кайрылышса, биз тиешелүү чараларды көрөбүз. Биздин сайтта бүт телефон номурлары жазылган. Ошондой эле банктын жалпы кабыл алуучу номуруна түз кайрылса болот: (0312) 61-04-86», – деди Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш.

Ошондой эле ал он күн мурун ушул суроо боюнча бүт коммерциялык банктардын жетекчилерин чакырып, эскертүү беришкенин,  мындай фактылар катталса, мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн айтты. Бирок доллар менен келген которуулар боюнча унчуккан жок.

Мындан сырткары бүгүнкү жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев коммерциялык банктар жарандардын эсебиндеги акчаны доллар менен бербей, сом түрүндө алууга мажбурлашарын, анан калса, бир долларын 79 сомго баалап, төмөнкү курс менен бергендиктен 4 сомдой чыгым тартып жатышканын билдирген.

Эл арасында да коммерциялык банктардын чет өлкөдөн доллар менен которулган акчаны кассада доллар жоктугуна шылтоолошуп, сомдун төмөнкү курсу менен беришери айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM